Дарыя жээги эс алчу жай болот - Кыргызстан жаңылыктары
Новость www

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо иштери башталды. Буга чейин белгилүү болгондой, Ак-Буура дарыясы эс алуу жайына айланат. Ири долбоордун алкагында дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралган. Белгилей кетсек, эс алуу жайдын жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзүп, Алишер Навои көчөсүнөн Вахапова көчөсүнө чейин созулат.