Ош-Бишкек унаа жолу: Төө-Ашууда жакынкы келечекте акы төлөп өтүүчү тоннель курууга сынак жарыяланды
Новость KTRK/videograp

Өкмөт Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашууда жакынкы келечекте акы төлөп өтүүчү тоннель курууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдады. Долбоорду ишке ашырууну каалаган компаниялардын эл аралык деңгээлдеги бай тажрыйбасы болушу шарт. 5-августтан тартып арыздар кабыл алына баштады. Учурда жергиликтүү эки компания арыз берди. Бир айдан кийин кайсыл компания долбоорду ишке ашырары белгилүү болот.

Жакынкы келечекте Кусейин Көлбаев атындагы тоннелди алмаштыра турган жаңы тоннель курулат. Ал азыркыдан мин метр ылдый жайгашып, 11 чакырымдык эки тараптуу жол болот. Долбоордун сметалык наркы 250 млн долларга чейин. Бир ай аралыгында сынака арыз берген компаниялардын арасынан тандалып алынган компания техникалык экономикалык изилдөөлөрдү баштайт.