Дарыгерлер окуп, тажрыйбасын чыңдоодо
Новость KTRK/videograp


Азыр өлкөдө коронавирус менен күрөшкөн реаниматологдор жетишсиз болуп жаткан учур. Андыктан ар кайсы тармакта эмгектенген дарыгерлер биригип таажы илдети менен кантип күрөшүү керектигин окуп жатышат. Мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучулары республика боюнча алтымыштан ашуун дарыгерди окутуудан өткөрүү ишин колго алышты.