Коронавирустан каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузуу демилгеленди - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын хирургия кафедрасынын жетекчиси Рахатбек Оморов КОВИДден каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузууну демилгелеп чыкты. Бул тууралуу анын ассистенти маалымат каражаттарына билдирди. 

Оморов өзүнүн атынан бир миң доллар каражат чыгарган. Анын бул оюн профессор Эрнис Тилеков, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова колдошкон. 

Учурда эстеликтин эскизинин үстүнөн белгилүү скульптор Дүйшөн Жолчуев иштеп жатат. Эстелик медициналык академиянын башкы алеясынан орун алмакчы. Себеби каза болгон дарыгерлердин дээрлик баары аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү. Демилгени колдоп, салым кошууну каалагандар Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 92 дарегине, же 0552 10 36 86 номерине кайрылса болот. 

Эскерте кетсек, пандемия башталган учурдан тартып өлкө боюнча жалпысынан 2 миң 928 медкызматкер вирусту жуктуруп, алардын 2025и сакайып кетти. 70 кызматкер оорудан оңоло албай көз жумган.