Коронавирус менен күрөшүүдө үч гана нерсе талап кылынат
Новость www

Алар вакцина, дары-дармек жана карантин чаралары. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде билдирди. Айтымында, Кыргызстанда эпидемиологиялык жана вирусологиялык чөйрөлөрдү өнүктүрүү үчүн ресурстар өтө чектелүү. “Вакцина жана дары-дармектер боюнча маселе жакын арада чечилбейт. Азыр пикирлер чачырап жатат. Чындыгында, бул вирус тынымсыз өзгөрүп турат. 

Бүгүнкү дары эртең жараксыз болуп калышы мүмкүн. Илимпоздордун айтымында, бул вирус 1,5-4 айдан кийин күчүн жоготуп, кадимки сезондук сасык тумоого айланышы толук мүмкүн. Бизде вакцина же дары-дармек иштеп чыгуу кыйынга турат. Себеби бизде адистештирилген изилдөө жана өндүрүштүк мекеме жок. Мисалы, Новосибирск аймагында изилдөө жана өндүрүштүк вектор бар, ал жерде тесттер жана башка препараттар иштелип чыгат. Бул эң күчтүү институт. Чоң каражаты бар өлкөлөрдө ушундай институттар бар” - деди ал. Жуматаев билдиргендей, Кыргызстанда вакцина же дары-дармек чыгаруу мүмкүн эмес. Андыктан, вирустан коргонуунун негизги ресурсу - бул карантиндик чараларды так аткаруу, бет кап тагынуу, социалдык аралыкты жана жеке гигиена эрежелерин сактоо керек.