Коронавирус инфекциясынын очокторунда иштеген 182 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга кетишти
Новость KTRK/videograp

Коронавирус инфекциясынын очокторунда иштеп, COVID-19 жана пневмония менен ооруп чыккан медицина кызматкерлеринин саламаттыгын калыбына келтирүү аркети уланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарларды. 

Бүгүн, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген 182 медицина кызматкери "Алтын Жай" пансионатына кетишти. Алар Ысык-Көлдө бир жума эс алышат.