Медициналык мекемелердин курулушун тездетүү
Новость www

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жабдууларды, дары-дармектерди камдоону жана медициналык мекемелердин курулушун ишке ашырууну тездетүү керек. Бул тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Премьер-министр Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине берди. Жыйындын жүрүшүндө керектүү медициналык каражаттарды жана сасык тумоого каршы эмдөө үчүн вакцина алууга байланыштуу бир катар орчундуу маселелер ортого салынды. Ошондой эле жаңы ооруканаларды куруу жана медициналык мекемелерге ыңгайлаштырып жасалып жаткан объекттерди оңдоп-түзөө, аларды каржылоо маселелери талкууланды. 

«Саламаттык сактоо тармагынын имараттарын куруу жана ремонттоо, керектүү медициналык каражаттарды, дары-дармектерди алуу, газификаторлорду орнотуу иштерин тездетүү зарыл. Калктын аярлуу катмарын эмдөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу шарт. Ал эми башка категориядагы жарандардын эмдөөнүн акысын төлөөсү же жеке менчик клиникалар менен өз ара иштешүү механизмин Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыгууга тийиш», - деди Өкмөт башчы. Штабдын отурумунда көпчүлүк жарандар коомдук жайларда санитардык-гигиеналык талаптарды сактабай жатканы айтылды. Жергиликтүү бийлик органдарына санитардык нормаларды сактоону катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

«Карантин режимин басаңдатып, жумшарткандан кийин Бишкек шаарында ооругандардын июндун аягында арбый баштаганын өзүңөр жакшы билесиңер. Бүгүнкү күндө коомдук транспорттордун, дүкөндөрдүн жана коомдук тамактануучу жайлардын иштөөсү үчүн бир катар жеңилдиктер берилди. Борбор калаанын көчөлөрүндө санитардык талаптар сакталбай жатканын баарыбыз эле көрүп жатабыз. Ошондуктан көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бишкектеги июндагыдай абал бир дагы аймакта кайталанбашы керек. Алдыда күз-кыш мезгили турат, ар бир жарандын өмүрү, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого байланыштуу экенин унутпашыбыз зарыл », - деди Премьер-министр.