Кыргызстанда расмий эмес маалымат боюнча 160 миң адамдын тегерегинде оорулуулар СOVID-19дан айыгып чыкты деп айтууга болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Айтымында 13 миңден ашык адамда же ооругандардын 36,3%ында вирустун белгелери билинбей өткөн. Расмий статистикада, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери 41 миңден ашык адам кооптуу тумоого чалдыгып, алардын 33миңден ашыгы айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1487 бейтап кайтыш болду. Акыркы үч аптадан бери айыгып чыккандардын саны арбыды.