Бишкекте 1-сентябрдан баштап электрондук унаа токтотуучу жай ишке кирет. Шаардык унаа токтоочу жайлар муниципалдык ишканасынын директору Вахтанг Алаков билдиргендей, учурда калаадагы унаа токтоткон жайлар башаламан болуп, алынуучу каражат да ар кайсы жерде ар башка тариф менен төлөнөт.
Минтип күн сайын борбордук көчөлөрдө унаа коюуга жер таппаган айдоочуларды көрүү шаар көйгөйүнүнүн бир үзүмү. Бишкекте унааларды токтотуучу жайлардын башаламандыгы негизги маселе. Көп жерде унааларды киргизип-чыгарып турган көчө көзөмөлчүлөрү эч кандай келишими жок эле күнүнө 480 сом норманы толтуруп, калганын өздөрүнө алышат.
Шаардагы 400дөн ашык унаа токтотуучу жайлардан мэриянын бюджетине жылына 15 млн сом салык түшөт. Эгерде башаламан жайлар иретке келтирилсе киреше 200 млн сомго чейин өсөт.