Унаанын жарылуусунан жабыркагандардын төртүнчүсү каза болду
Новость KTRK/videograp

Ордо калаада газ ташуучу унаанын жарылуусунан жабыркаган төртүнчү жабырлануучу каза болду. Бул туурасында травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. 

Анын айтымында, денесинен 98-100 пайыз күйүк алган бейтап эсине келе албай, каза болду. Учурда дагы эки жабырлануучу өтө оор абалда реанимация бөлүмүндө жатат. Кырсык болгон күнү ар түрдүү жаракат менен 11 адам ооруканага жаткырылган. Алардын алтоосу өтө оор абалда келсе, төртөө денесине 90-95 пайыз күйүк алган. POST1RIGHT  POST2LEFT

Кырсыктын себепкери болгон газ ташуучу унаа 6-июнда кечкисин Фучик көчөсүндө жайгашкан газ куюучу көчмө станцияда жарылган. Натыйжада газ цистернасы жүктөлгөн эки автоунаа жана катарлаш жайгашкан үч фура күйүп кеткен. 

Жарылуунун себеби - бир унаадан экинчи унаага газ куюу маалында техникалык коопсуздук сакталган эмес жана газ ширетүүчү жабдыктар олдоксон колдонулган деп айтылууда.