Бишкекте "Эмен багы" галереясында сүрөтчү Эмил Насритдиновдун "Акварель COVID-19га каршы" кайрымдуулук сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.
Көргөзмөгө чыгарылган сүрөттөрдүн көпчүлүгү ушул жылдын жаз-жай айларында тартылган. Сүрөттөрдөн түшкөн каражат Фулбрайт программасынын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын эсебине которулат. Көргөзмө 22-августка чейин уланат.