Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кандай?
Новость KTRK/videograp

Ушул тапта Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун деңгээли 14 миллиард 531 миллион кубометрди түздү. 

Суунун орточо агымы секундасына 614 кубметрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 359 кубометрге жетүүдө. Суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.