Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Новость KTRK/videograp

Жогорку сотто президенттин 2020-жылдын 14-августундагы №156 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, президенттин Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ош шаардык сотуна Мамасады Жапаров, ал эми Жалал-Абад шаардык сотуна Миран Шерматов жиберилди. Жогорку соттун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.