Бишкек шаарындагы касапканалардын ишмердүүлүгү текшерилүүдө - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Мамлекеттик ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция шаардагы касапканалардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алды. 

Анын жүрүшүндө Махатма Ганди 310 дарегинде жайгашкан касапкана ишин токтотту. Буга чейин өз алдынча ачылган бир нече касапканаларга ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн эскертүүлөр берилген. Бишкек шаары боюнча союлган малдын ветеринардык-фитосанитардык талаптарга жооп беришин тастыктаган лаборатория менен камсыздалган бир эле касапкана бар. 

Шаар четиндеги конуштардан мал соючу жайга алынып келинген малдын форма 2 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүгү каралып, клиникалык текшерүүдөн өтөт. Андан кийин гана атайын документке мөөр басылып, малды союуга уруксат берилет. Союлган малдын эти кайсыл базарга кетип жатканы онлайн базага түшүрүлөт.