Учурда өлкөдө 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүүдө
Новость KTRK/videograp

Учурда өлкөдө 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 

Өкмөт башчы ооруканалар медициналык жабдыктар менен толук жабдылып, тийиштүү адистер ишке тартылаарын, бул боюнча бардык иштер жигердүү жүрүп, көзөмөлдө экенин белгиледи. 

Ошондой эле, Кубатбек Боронов күзүндө, бышыкчылык маалында, той-аштарды өткөрүүнү токтото турууну сунуш кылып, Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга жардам берүүгө коомчулукту чакырды. Теманы Уланбек Дыйканбаев улантат.