1-сентябрдан баштап мектеп босогосун алгачкы жолу аттай турган биринчи класстын окуучулары кадимки нукта окууларын баштаса, калган класстардын окуучулары аралыктан билим алат. Жаңы алгаритмдин талабына ылайык бир класста 15 окуучудан көп эмес болушу шарт. Ал эми мектеп директорлору санитардык талаптарды сактоо жана дезинфекция жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат. Ошондой эле ата-энелерге да жоопкерчиликтер каралган. Пандемия учурунда мектептер кандай шартта иш алып барат, кененирээк Амантур Төрөбаевдин материалында.
Жаңы окуу жылы жаңы талаптар. Быйылкы окуу жылында биринчи класстын окуучулары кадимки калыпта эле окууларын башталса, ал эми калган класстардын окуучулары аралыктан билим алат. Жаңы алгоритмдин талаптарына ылайык санитардык эрежелер күчөтүлөт. Мисалга алсак социалдык аралык сакталып, ар бир мектепте кирип чыгуучу эки өтмөк уюштурулат. Ал жерде дене табы өлчөнүп, бет каптары бар же жогу текшерилет.
Жаңы алгоритм боюнча аралыкты сактоо абдан маанилүү. Ошондуктан ар бир окуучу партага шахмат түрүндө отургузулат. Азыркы тапта мектептер окуучуларды кабыл алууга даярданууда. Жалпы өлкө боюнча 156 миң бала быйыл биринчи класска барат. Ал эми ар бир класстын бөлмөсүнө санитардык бурч уюштурулуп, самын, градусник, антисептик жана беп кап болуусу каралган.