Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн өсүшү байкалды
Новость KTRK/videograp

Биринчи жарым жылдыкта республиканын ИДПсынын өсүшүнө негизги салымын Айыл чарба тармагы кошту. Анын салымы 0,14 пайызды түзгөн, 1,6 пайыз реалдуу өсүш темпи байкалган. 

Ал эми өнөр жай секторунда - Кумтөр ишканасы кенин иштетүү боюнча ИДПнын 0,96 пайыздык пунктка, реалдуу өсүш темпи менен жалпы -9,8 пайыз өсүшү байкалган. Муну менен ИДПнын 14,2 % ын түзгөн. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн баардык айдоо аянттары былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл эн жогорку деңгээлдеги көрсөткүчкө ээ болуп, түшүм 1 223,6 миң гектарды түзгөн. 

Ал эми экономика министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи жарым жылдыкта курулуш тармагынын дүң көлөмүнүн өсүшүнүн терс динамикасы байкалган.