Илдеттин очогунда иштеген дарыгерлердин тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү
Новость gov.kg

270 кишиден турган дарыгерлердин тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Алар ордо калаанын, Талас, Нарын облустарынын саламаттык сактоо уюмдарында COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө салымын кошкон адистер. 



“Илдеттин очогунда иштеген саламаттык сактоо тармагынын бардык адистерине КР Өкмөтүнүн колдоосу менен Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берилип жатат. Дээрлик 2 миңден ашык кызматкер ден соолугун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы”, - деп билдирди саламаттык сактоону өнүктүрүү борборунун адиси Замирбек Акаев. 

Жолдомого ээ болгон саламаттык сактоо тармагынын адистери “Алтын-Жай” жана “Эне-Сай” пансионаттарында бир апта эс алышат.