Учурдун талабына ылайык иштейли
Новость www

Жыл аягына чейин 453 айыл өкмөт жана райондук, облустук деңгээлдеги 31 шаар “Санарип аймак” платформасына кошулат. Учурда Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын адистери окуудан өтүп, техникалык жабдуу иштери жүрүүдө. Аны менен бирге быйыл аймактарда калкты тейлей турган беш борбор ачылат. 

Өлкө башчысы бүгүн Премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп, «Санарип аймак» платформасын жана «Түндүк» мекемелер аралык өз ара аракеттешүү электрондук системасына мамлекеттик органдарды интеграциялоо долбоорлорун ишке ашыруу үчүн көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурду. Аны менен бирге өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тышкы чек аралардын ачылышы, күз-кыш мезгилине жана жаңы окуу жылына даярдыктар жөнүндө маселелер талкууланды.


Санарип саясат буга чейин борбор калаа жана ири шаарларда ишке ашып келген болсо эми анын багыты аймактарга бурулат. Тагыраагы ар бир айыл өкмөт жарандарга электрондук кызмат көрсөтө баштайт. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын документ жүгүртүүсү электрондук түргө өтүп, ар бир айыл өкмөттөгү чарба китептери бирдиктүү базага киргизилет.

Бирдиктүү базага киргизилген маалыматты башка органдар да ала алат. Маселен, насыя алуу үчүн банкка кайралганда жашаган жериңизден чарбаңыз же кирешеңиз тууралуу маалымкатты сурашат. Санарип аймак платформасы Түндүк тутуму менен интеграцияланса маалымат бардык мекемелерге жеткиликтүү болот. Бул өз кезегинде жарандарды ашыкча бюрократиялык түйшүктөн куткарат. 

Аны менен бирге аймактын жашочуларына мамлекеттик кызмат алууда жеңилдиктерди түзүү үчүн калкты тейлөө борборлорунун саны көбөйтүлүүдө. Маселен быйылкы жылы 5 калкты тейлөө борбору эл кызматына берилет.

«Санарип аймак» долбоорун жана «Түндүк» мекемелер аралык өз ара аракеттешүү электрондук системасына мамлекеттик органдарды интеграциялоону ыкчамдатуу керек экенин өлкө башчысы Премьер-министр менен болгон онлайн кеңешмеде айтты. 

Өкмөт башчысы карантиндик чараларды бара-бара алып салууга карата көрүлүп жаткан даярдыктар, транспорттук байланыштарды эки тараптуу негизде жандандыруу боюнча чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө да маалымат берди. Ага ылайык, аэропорттор күнү-түнү жүргүнчүлөрдү санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен тейлөөгө даяр, аларда бардык керектүү шаймандар орнотулуп, тийиштүү алгоритмдер иштелип чыккан. Ошондой эле Премьер-министр башка кызматтар менен өз ара иштешүү үчүн салмак-көлөмдүк көзөмөлдөө санарип системасынын жөнгө салынып жатканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек араларды ачууда чет өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу керектигин, айрым жерлерде пандемия токтобой жатканын баса белгиледи. Ал өлкө аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырганына карабастан, Кыргызстандын жарандарын жеке тартипти жана бардык санитардык ченемдерди сактоо тууралуу маалымдоо ишин улантууга чакырды.

Онлайн кеңешмеде Президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизиндеги долбоорлор боюнча ишти активдештирүүгө чакырып, күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды өз убагында көрүү, аймактардагы авариялык ооруканалардын жана мектептердин ремонтун тезинен бүтүрүү керек деди.

Мамлекет башчысы аймактарга иш сапарларынын жыйынтыгында финансы институттарынын, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун продукцияларын экспортко багыттаган ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча ишин өзгөчө белгиледи.