Борбор калаада жана өлкөнүн аймактарында эпидемиологиялык кырдаал бир аз турукташты. Пандемия шартында медицина кызматкерлери өз милдеттерин так аткарып, күчөтүлгөн тартипте иштешти. Бирок, алдын алуу иштери азыркы күнгө чейин актуалдуу бойдон калууда. Бул биринчиден жарандардын жоопкерчилиги. Ошол эле учурда ооруканалардын курулушу жүрүүдө, ага катар башка дагы социалдык мекемелердин курулушу токтогон жок.
Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал басаңдап калганы менен аны алдын алуу иштери дагы деле күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Аймактардагы ооруканаларда жарандарга кечиктирилгис жардам көрсөтүү үчүн изолятор тибиндеги жандандыруу бөлүмдөрү түзүлгөн. Мында ар бир бейтаптан анализ алууга, өзүнчө бөлүп кармоого шарттары бар. Кабыл алуу, тейлөө кызматтарынын бардыгын электрондоштуруу аракети көрүлүп жатат.
Борбор калаада болсо жугуштуу илдетке кабылгандардын саны азайгандыктан убактылуу ачылган стационарлардын көбү жабылды. Пандемия шартында медицина кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдетти так аткарышты. Айлыгы он миң сомдон ашпаган дарыгерлерге эпидемия учурунда кошумча төлөмдөр каралган. Дарыгерлердин иштеген бөлүмү жана алардын категорияларына карап күнүнө 2300 сомго чейин кенемте төлөндү.
Жумуш маалында коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сомдон, ал эми илдеттен каза болгондорго 1 млн сомдон каражат каралган.
Пандемия шартында социалдык мекемелердин курулушу токтогон жок. Коронавирус илдети даргерлердин, ошондой эле өлкө аймагында ооруканалардын жетишсиздигин да көрсөттү. Мындан улам айрым аймактарда оорукана имараттары курула баштады. Күзгө чейин жугуштуу ооруларды дарылай турган 12 бейтапкана даяр болот. Алардын үчөө жаңыдан салынса, тогузу ооруканалардын эски имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү менен даярдалат. Нөлдөн баштап курулуп жаткан үч бейтапкананын бири Нарын шаарында.
Бул бир чети күзүндөгү эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу үчүн жасалып жаткан аракет болууда. Буга катар билим берүү мекемелеринин курулушу уланууда. Бишкек шаары жана Чүй облусундагы 14 мектепке кошумча салынып жаткан корпустардын жетөө быйыл колдонууга берилет. Жалпы республика боюнча авариялык абалдагы 245 мектеп бар. Баарын калыбына келтирүүгө 12 миллиард сомдон ашык каражат керектелери аныкталган.
Социалдык объектилердин курулушу менен бирге жол куруу тармагы да пандемия маалында токтоп калбай иштеп жатат. Үстүбүздөгү жылы өлкөдөгү 23 шаардын жана 40 райондун 153 км ички жолун куруу жана ремонттоо пландаштырылган. Дээрлик бардык иштер жергиликтүү жол-эксплуатациялоо ишканалары тарабынан аткарылат. Ушул күнгө карата 10 райондо 74 чакырым жолдо куруу жумуштары толук аяктады.