Жаңы оорукана курулууда
Новость www

Нарын шаарында 70 орундуу оорукана салынып жатат. Имарат атайын жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө ылайыкталып, баардык шарттары каралат. Учурда пайдубалы түптөлүп, көлөмдүү жумуштар жасалды. Инфекциялык ооруларды дарылоо үчүн курулуп жаткан имарат бир кабаттан туруп, ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилгени турат. 

Нарын облустук бириктирилген оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулганына элүү алты жыл болду. Адегенде төрөт бөлүмү катары пайдаланууга берилсе, кийин инфекциялык ооруларды дарылоо үчүн ачылган. Бөлүм 40 бейтапты дарылоого ылайыкташкан. Дарыгерлер бөлүмдөгү шарттар жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө шайкеш келбей турганын айтат. 

Дени сак улут-күчтүү мамлекет демекчи элдин саламаттыгын сактоо максатында Нарын шаарында 70 орундуу оорукананын курулушу башталды. Заманбап болуп салынып жаткан имарат бир кабаттуу болуп, бейтаптарды дарылоо жол-жоболору медицинада көрсөтүлгөн талаптарга жооп берет. Тактап айтканда, оорунун жайылышына каршы байтап менен дарыгердин байланышы чектелүү болот. 

Жаңы оорукана ишке кирсе, дарыгерлер да тажрыйба топтоо багытындагы окуудан өткөрүлөт. Мындан тышкары кошумча жумуш орундары түзүлөт. 70 орундун 20сы реанимациялык бөлүмгө дайындалып жатат. Учурда курулушта иш кызуу, оорукананын пайдубалы бүттү. 

Куруучулар жумуштар белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүп, тапшырыла турганын убалап жатышат. Мындан улам учурда алар тыным албай, тездик менен иштеп жатышат. Курулуштун сапаты талаптарга жооп берет. Оорукананын имараты сентябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берилет.