Өлкөдө пандемиядан улам иштебей турган аба майдандары ишин жандантты. Санитардык талаптарды сактоо үчүн керектүү жабдыктар орнотулуп, адистер эреженин негизинде жүргүнчүлөрдү тейлейт.
Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу март айынан бери Кыргызстан ички жана сырткы аба каттамдарды токтоткон. Чет өлкөдөгү мекендештер чартердик рейстер аркылуу келүүдө. Июндан тартып Бишкек-Ош-Бишкек багытында ички аба каттам ишке кирген.
Жакында Жалал-Абаддагы, Баткендеги, Ысык-Көлдөгү аба майдандар да иштей баштайт. 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары ачылат. Учурда Россия, Казакстан жана башка мамлекеттер аба каттамын ачуу тууралуу Бишкектин сунушун талкуулап жатышат.