COVID-19: Вирустан айыккандар көбөйүүдө
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Айтымында, акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетин 100дөн ашык адам жуктурган, ал эми оорудан каза болгондор катталган жок. Бирок, адистер муну менен жугуштуу илдетти жеңдик деп айтууга эрте экенин эскертишет. Эгер санитардык гигиеналык талаптар аткарылбаса, кесепети оор болушу мүмкүн.