Мектепке чейинки билим берүү жайларында санитардык талаптарды аткаруу күчөтүлөт
Новость KTRK/videograp

Мектепке чейинки билим берүү жайларында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритми так аткарылууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков билдирди. 

Коронавирус инфекциясын балдарга жуктурбоо үчүн иштелип чыккан нускаманы так аткаруу зарыл. Ар бир - бала бакчанын жетекчиси ченемдердин сакталышына жооптуу. Жыйындын жүрүшүндө аймактардагы эпидемилогиялык абал талкууланды. Анткени кээ бир райондордо ооруну жуктургандардын саны төмөндөбөй жатат.