Окуу жылы башталганда айылдарда интернетке байланыштуу маселе жаралбашы керек. Бул багытта тийиштүү мамлекеттик органдар ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзөт.
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча быйылкы жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштерди талкуулаган кеңешмеде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмаларды койду. Боронов "Санарип аймак" системасын жылдын аягына чейин толугу менен жүзөгө ашырууну да тапшырды.
Эскерте кетсек, өлкөдө "Санарип аймак" системасына 176 айыл өкмөт кошулган.