Малик Аликеевге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардак наам ыйгарылат
Новость KTRK/videograp

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз  Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.


Сыйлыкка ыйгарылгандардын арасында белгилүү ырчы, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын “Эл ырчысы–Эстебес тобу” фольклордук тобунун солисти Малик Аликеев да бар. Ага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардак  наам  ыйгарылды.


Эске салсак, жакында эле  Малик Аликеевдин жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталган. Ырчы ооруканадан чыккандан кийин чыгармачылыгы менен алектенерин билдирген.