Бишкектин Чүй проспектисинде 31-август күнү унаа кыймылы убактылуу токтотулат
Новость www

31-август күнү Бишкектин Чүй проспектисинде унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. 

Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган иш-чарага байланыштуу Чүй проспектисинин Тыныстанов көчүсү менен кесилишинен тарта Тоголок Молдого чейинки аралыгында унаа кыймылы токтотулат. 

Шаардык жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.