Инвестициялык долбоорлор кредиттик жана гранттык каражаттарды максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешмесинде билдирди.
Анда айрым долбоорлорду каржылоо боюнча 2016-2017-жылдары эле кол коюлса, ушул убакка чейин каражат бөлүнө электигин айтып сындады. 8млн 200 миң доллар бөлүнгөн калктуу пункттарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу толук аяктай элек.
52 млн. евро каражатка 32 чакырымдык Балыкчы — Каракол — Балыкчы айланма жолун реабилитациялоо, 48 млн. евро деп эсептелген "Кадамжай, Айдаркен, Таш-Көмүр, Шопоков, Көк-Жаңгак, Кемин, Кант, Талас шаарларын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорун биринчи кезекте аягына чыгаруу зарыл.