Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана башкы консулдук тармактагы өкүлдөрү өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине 49 кычкылтек концентраторун тапшырды. Бул жабдуулар мекемелердин жеке каражатына алынган. 49 кычкылтек концентраторунун 15и президенттик жана өкмөттүк иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына берилди.
Калгандары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлдү. Министрлик аны муктаждыгына ылайык өлкөдөгү бейтапканаларга бөлүштүрөт. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы июнь-июль айларында күч алып, ооруканаларда кычкылтек концентраторунун жетишсиздиги байкалган. Жарандык коом, кайрымдуулук уюмдары, жеке инсандар тарабынан каражат чогултулуп, кычкылтек концентраторлору сатылып алынган.