Бир суткада 225 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди. Арасынан Бишкек шаарында 107, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 22, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад аймагында – 21, Баткенде 15 бейтап илдетти жеңди. Кыргызстанда вирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 198ге жетти. Бул арада 108 жаңы учур катталды.
Ошентип ооругандар өлкө боюнча 43 миң 820 адам болду. Сутка ичинде катталган жаңы учурлардан Бишкек шаарында 17, Жалал-Абад облусу - 33, Баткен облусу - 16 калгандары өлкөнүн башка аймактарында ооруканага жаткырылды.