Кубатбек Боронов: Мектептерде санитардык эрежелер так сакталышы керек
Новость KTRK/videograp

Мектептерде санитардык эрежелер так сакталышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул окуу жылдын башталышында 1-класстын окуучулары гана кадимки режимде мектепте билим алышат. Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал дагы талкууланды. Белгилүү болгондой, өлкө боюнча бардык күндүзгү стационарлар жабылды. 

Айрым облустарда медициналык мекемелерди оңдоп-түздөө иштери аяктаса, кээ бир райондордо курулуш иштери аяктоо алдында.