Кыргызстанда “ковасаки синдрому” балдардан байкалган жок
Новость www

Кыргызстанда “ковасаки синдрому” деп аталган вирустук инфекция азырынча балдардан байкалган жок. Бирок, бул оорунун коңшу өлкөлөрдө тез жайылып жатканын эске алганда, өлкөдө даярдык иштери жогорку деңгээлде көрүлүп, бардык аракет алдын алууга жумшалышы керек. 

Саламаттык сактоо министрлиги жогорку категориядагы адистерден турган жумушчу топ түздү. Дарыгерлер балдарды оорудан сактоонун эң жакшы жолу- санитардык талаптарды так сактоо экенин эскертет.

Бул Бишкектеги эне жана баланы коргоо улуттук борбору. Эртеден кечке имараттын ичинде балдарын дарыгерлерге алып келген ата энелердин аягы үзүлбөйт. Алардын көбү оорунун ар кандай түрлөрү менен кайрылгандар. Бактыга жараша, Кыргызстанда ковид 19 илдети жаш балдарга жуккан учурлар аз болду, бирок азыр балдардын башка оорулары деле жетиштүү көрүнөт. 

Өлкөдө кооптуу тумоо басаңдап, эл жай жашоого кайта баштаганда, коңшу өлкөлөрдө, анын ичинен Казакстанда “ковасаки синдрому” деп аталган вирустук инфекция жайылып жатканы тууралуу маалыматтар келүүдө. Ага көбүнчө жаш балдар кабылат жана дарыгерлердин айтымында анын белгилери өтө олуттуу. 

“Ковасаки синдрому” мурдатан эле болгон. Аны сасык тумоо сыяктуу вирустук оорулар козгойт экен. Дарыгерлер коронавирус инфекциясы дагы бул илдеттин башталышына себепчи боло турганын эскертишүүдө. Кыргызстанда ушул кезге чейин 1245 бала ковид 19 илдетине кабылган, анын 600дөйү стационарларда жатып дарыланышты. Ушул учурга чейин өлкөдө “ковасаки синдрому” катталган жок, бирок... 

Бул арада саламаттыкты сактоо министрлиги атайын жогорку категориядагы адистерден турган жумушчу топ түзүп, дарыгерлер ооруну алдын алуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууда. Клиникалык протоколго эгер “ковасаки синдрому” пайда болсо ата энелер, дарыгерлер жана ооруканаларда көрүлө турган чаралар камтылат. 

Учурда өлкө аймагы боюнча 2300 орундугу бар бир нече стационарлар балдар үчүн даярдалды. Мындан сырткары ата энелерден балдарды үйдөн чыгарбай, санитардык гигиеналык эрежелерди так сактоо талап кылынууда. Анткени мектептер аралыктан билим берүүгө өтүп, бала бакчалар жабык турганы менен ата энелер балдарын көчөгө, сейил бактарга кое берип жатышат. Мындай көрүнүш айрыкча өткөнкү майрам күндөрү байкалды. 

Дүйнөнүн көп мамлекеттери учурда коронавирустун мүмкүн делген экинчи толкунуна даярдык көрүп жатышат. Бул жолу балдардын ден соолугун тобокелчиликке салып койбош үчүн, ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек.