Пандемиядан улам жумушсуз калгандардын ар бирине 900 сомдон төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында айтылды.
Өкмөт өкүлдөрү калктын аялуу катмарына 300 сомдон социалдык жөлөк пулдар берилип жаткандыгын маалымдашты.
Мындан тышкары, ишкер болууну каалаган ишкерлер үчүн акысыз тренингдер уюштурулат. Программада 5 миң үй-бүлө бар. Бүгүнкү күндө бюджетке колдоо көрсөтүү үчүн 319,2 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам келип түшкөндүгү такталды. Бирок, Каржы министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, бул каржылоо жетишсиз.