Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны арбып жатат. Бир күндө 252 адам жугуштуу оорудан айыгып ооруканадан чыгарылды. Таажы тумоону жалпы 39 миң 426 адам жеңди.
Сакайгандардын арасында дарыгерлер да бар. Учурда коронавирустан каза болгон медициналык кызматкерлерге кенемте төлөнүп берилүүдө.