Кыргызстанда 62 мектептин окуучулары салттуу түрдө билим алышат
Новость www

Бүгүнкү күндө алыскы аймактарда жайгашкан республика боюнча 62 мектептин окуучулары салттуу режимде окуп жатышат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Кусейнова "Ала-Тоо 24" каналынын эфиринде  билдирди.

Анын айтымында, аталган мектептердин 1-11-класстарынын окуучулары кадимки тартипте  билим алышат.

 «Булар интернет байланышы начар “жашыл аймакта” жайгашкан мектептер. Бул жакта мектеп окуучулары  ийкемдүү график боюнча реалдуу режимде окуп, видео сабактарды көрө алышат », - деп кошумчалады.