Россиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” 60 миңге жакын мигрант каттоодо
Новость www

Азыркы учурда Кыргызстандын 60 миңге жакын жараны Россиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" катталуу.  Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болот Ибраимжанов кабарлады.

"ЕЭКнын отурумунда, административдик укук бузуулар, жол эрежелерин бузуу, тамеки чегүү сыяктуу орунсуз мыйзам бузуулар үчүн мигранттарды "кара тизмеге" киргизбөө маселеси көтөрүлүүдө", - деди ал.

Ибраимжановдун айтымында, пандемиянын шартында миграция маселелери жөнөкөйлөтүлгөн.

 Муну менен катар, 2 жолу "миграциялык мунапыс" болуп, көптөгөн жарандарыбыз "кара тизмеден" чыгып кетишкенин кошумчалады.