Д.Ибраевди Болгариядан Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат
Новость

Данияр Ибраевди Болгариядан Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын инспектору Айзада Кубатова билдирди. 

Анын белгилешинче, Данияр Ибраев 7 жабырлануучудан ири өлчөмдөгү акча каражатын алдап алган. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 507 млн сомдон ашат.