Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу максатында интервенция жасады
Новость

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат. 

Улуттук банк валюта рыногунда 6 млн 600 миң доллар саткан – бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 3 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 3 млн 600 миң доллар. 

Муну менен Улуттук банк быйыл валюта рыногуна онунчу ирет интервенция менен чыгып жатат.