Өлкөдө уландарды аскерге чакыруунун күзгү этабы башталды
Новость www

Республикада 18 жашка толгон уландарды аскерге чакыруунун күзгү этабы башталды. Бүгүн биринчи топто Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан чогулган 50 жигит Каракол шаарындагы №28 аскер бөлүмүнө жиберилди. 

Жылдагыдан айырмаланып быйыл болочок жоокерлер медициналык текшерүү менен катар ПЧР анализин тапшырышкан. Пандемиялык шартка байланыштуу ата-энелер жоокерлерди узатуу салтанатына катышкан жок. Күзгү аскерге чакыруу сентябрдан ноябрга чейин 3 айга созулат. Эскерте кетсек республикада 18 жашка толгон уландар жылына эки ирет, жаз жана күз мезгилинде аскер кызматына чакырылат.