Бүгүн Төлөмүш Океев 85 жашка чыкмак
Новость www

Белгилүү кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океев бүгүн көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Т.Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Ал  2001- жылы 66 жашында Анкара шаарында жүрөк оорусунан улам көз жумган.

Төлөмүш Океев өзүнүн бир катар көркөм тасмалары менен 20-кылымда кыргыз киносун туу чокуга чыгарган кинорежиссерлордун алгачкылары болуп  саналат.

“Ак илбирстин тукуму”, “Кызыл алма”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Улан” жана башка бир нече көрүнүктүү тасмаларды кыргыз элине тартуулаган.