Бүгүндөн баштап музей, китепканалар өз ишин улантат
Новость www

Кыргызстанда музейлер жана китепканалар өз ишин 14-сентябрдан баштап үзгүлтүксүз баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

 Министрликтин маалыматына ылайык, музейлер жана китепканалар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан иш-аракеттер алгоритмине ылайык иштешет.

 Иш-чаралар бардык эпидемиологиялык чараларга жана санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык жүргүзүлүшү керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Бардык музейге келген коноктор беткап кийип, социалдык аралыкты сактап, антисептикалык  каражаттарды колдонуусу  талап кылынат.