Чүй аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн курулушу 80 пайызга бүткөрүлдү
Новость www

Токмок шаарындагы Чүй аймактык ооруканасынын аймагында салынып жаткан эки кабаттуу балдар бөлүмүнүн имаратынын курулушу 80 пайызга бүткөрүлдү. 

20 орунга ылайыкталган бейтапкананы бир айдын ичинде пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Азыркы тапта сырткы шыбагы жана ички майда жасалгалары гана калды. Балдар бөлүмү электрондук жылытуу системасына туташтырылып, балдар үчүн жакшы шарттар түзүлөт. 

Белгилей кетсек, оорукананын бул бөлүмүн Кувейт мамлекетинин кайрымдуулук фонду каржылоодо. Курулуштун жалпы сметалык баасы 90 миң АКШ долларын түзөт.