Жемкорлукка каршы күрөштөгү жыйынтык - Кыргызстан жаңылыктары Самат УКМК
Новость KTRK/videograp

Коррупцияга каршы күрөштө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети негизги төрт тармак боюнча иш алып барган. Алар туруктуу коррупциялык схемалар бар делген мамлекеттик сатып алуулар, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары, лицензиялык- уруксат берүү милдеттери бар органдар, ошондой эле мамлекеттик мүлктү жана муниципалдык менчикти башкаруу багыты. УКМКбул тармактар жемкорлукка эң көп малынган, жасаган иштери сапатсыз, андан улам мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келген деген тыянакка келген. Орозбек Опумбаев буга мисал катары бир катар кылмыш иштерди атады.

Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр- чиновниктердин материалдык сый акыга жеке жана юридикалык жактардын пайдасы үчүн чечимдерди кабыл алуусуна байланыштуу болгон. Буга мисал боло турган дагы ондогон фактылар бар.

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча УКМК жүргүзгөн иштин жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын 80ден ашык жооптуу кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын арасында Бишкек шаарынын мурдагы 2 мэри, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бар.

Укук коргоо органдарынын аткарган иштерине карабастан, коррупция коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасир эткен негизги фактор болуп калууда. Андыктан адистер жаңы антикоррупциялык стратегия кагаз жүзүндө калбай, тиешелүү мекемелер ага олуттуу мамиле кылышы керек деп эсептешет.

УКМК ишмердүүлүгүнүн маанилүү багытын санариптештирүү чөйрөсүндөгү процесстерге көмөк көрсөтүүгө жумшап жатат. Ал эми негизги басым коррупциялык коркунучтарга анализ жасап, алардын себептерин жана шарттарын кыскартууга багытталмакчы.