Кендеги кырсык бир адамдын өмүрүн алды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен казылып жаткан аймакта таш кулап бир адам мерт кетти, дагы бири жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Кырсык бейшемби күнү кен казган «Кичи-Чаарат» компаниясынын шторнигинин биринде таш кулап, Ысык-Көл облусунун тургуну каза болгон. Ал эми жаракат алган Токтогул районунун тургуну ооруканага жеткирилген. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.