Кыргызстанга акча которуулардын саны кыскарды
Новость www

Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга азайды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика министринин орун басары Автандил  Алыбаев кабарлады. 

Быйыл январь-июль айларында акча которуулардын өлчөмү 1 млрд 225 млн 300 миң долларды түздү. Бул 2019-жылга салыштыра келгенде 9,3 %га төмөн.

Алыбаев акча которуулардын кыскарышына жарандардын мекенине кайтышы жана алар эмгектенген өлкөлөрдө ишканалардын жабылышы себеп болгонун белгилейт.

Министрликтин божомолу боюнча, 2021-жылдын ортосуна барып экономиканын өсүшү 4,5 пайызга жетет.