Улуттук Банк 11 миллион доллардан ашык каражатты валюта рыногуна чыгарды
Новость www

Улуттук Банк жалпы 11 миллион доллардан ашык каражатты валюта рыногуна чыгарды. Бул аракет улуттук валюта – сомду колдоо максатында ишке ашты. 

Улуттук Банк ушуну менен сентябрда долларды сатуу боюнча экинчи ирет интервенция жүргүздү. 2020-жылдын башынан бери валюта рыногунда сатылган доллар 238,6 миллионду түздү. Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат. Учурда бир доллардын наркы 80 сомго чейин көтөрүлдү.