Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал толук турукташа элек. Андыктан азыркы тапта бет кап тагынууну, аралыкты сактоону көңүл сыртында калтырбай, так аткаруу маанилүү. Адистердин айтымында, бет кап тагынууда дагы эрежелерди сактоо керек. Антпесе пайдасынан зыяны көп болушу ыктымал.
Өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 22-сентябрда коронавирус жуккан жаңы 71, 23-сентябрда 88, ал эми бүгүн 127 учур катталды. Адистердин айтымында, мындай жагдай жарандардын учурдагы абалды көңүл сыртында калтырып жатканында. Андыктан беткап тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу жөнөкөй, маанилүү чараларды так аткаруу зарыл.
Медициналык беткаптар аба аркылуу жуккан инфекциялардан жана вирустан коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Коронавирус илдети - дал ушул аба аркылуу жуга турган оорулардан. Медициналык беткаптар 3 катмарлуу коргонууга ээ болгондуктан бактериядан жок эле дегенде 90 пайызга чейин сактайт. Бирок беткапты туура кийүүнү билүү абдан маанилүү. Болбосо, анын коргоочу таасири азайып, вирусту жуктуруу коркунучу кыйла көбөйөт.