Кан тапшырып, донор бол! Коронавирус терапиясынан кийин кан тапшыруу маанилүү
Новость www

Бишкек мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте, атайын иш-чараларды өткөрүүдө. 

Ага ылайык каалаган жаран донор боло алат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара 26-сентябрда саат 9:00дөн 14:00гө чейин "АДИНАЙ" сейил багында өтөт. 

"Шаардыктарга кан басымынын пайда болуш факторлору жөнүндө айтылып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча кеңештер берилет. Бул, айрыкча, коронавирус терапиясынан кийин абдан маанилүү", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери дагы четте калбай, кан донору болушту.