Кызматташуунун келечеги алдыда. Кыргызстан менен Венгрия
Новость

Кыргызстан менен Венгрия мамлекетинин ортосундагы алаканын деңгээли азыр өтө жогору болбосо да, келечекте соода экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги чоң. 

Учурда Кыргызстанга Венгриядан дары-дармек импорттолот. Ал эми ВСП+ программасынын алкагында биздин айыл чарба продукцияларын бул өлкөнүн базарына жеткирүү жумушу жигердүү жүрүүдө. 

Мындан сырткары Венгрия тарап бир нече жылдан бери кыргыз студенттери үчүн алдыңкы окуу жайларынан квота бөлүп келет.