Кечээ, 25-сентябрь күнү КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Тулобаев, облустук оперативдик штабдын жыйынында коомдук транспортто жана базарларда беткап тагынуу режимин күчөтүү боюнча тапшырма берди.
"Санитардык- гигиеналык нормаларды сактоо көзөмөлүн күчөтүү зарыл. Коомдук транспортто жүргүнчүлөр дагы, айдоочулар дагы беткап тагынышы керек. Бул чара базарларга да тийиштүү",- деп белгиледи облус башчысы.